пятница, 20 июня 2008 г.

КӨЛ ЭНЕ

Оо Көл Эне! Кучагыңда канча адам,
Сенин тунук мээримиңе чаңкаган.
Мээримиңди эңсеп келген сагынып,
Мен уулуңмун көр тирликтен чарчаган.
Кучагына арман катып бүтүндөй,
Шарп – шурп этет көбүк толкун үзүлбөй.
Кечир мени кагылайын Көл Эне,
Күйүтүңдү жаткан үчүн түшүнбөй.
Самап келип уул-кызың, балдарың,
Саган айтат муңун, зарын, арманын.
Баарын угуп өз кайгысын билгизбей,
Апама окшоп ичтен сызган ардагым.
Канча бабам чайыгандыр жүздөрдү,
Сууң туздуу дарылаган түшкөндү.
Мекен үчүн уулдарынан айрылган,
Энелердин көз жашынан бүткөнбү?
Мен да, сен да, эл да бүтүн кайгырып,
Каректерди муңдуу жашка чайдырып.
Ыйлап жаттым, аза күткөн көл дагы,
Ыйлап жатты Чыңгызынан айрылып.
Бозтери. 20.06.2008.

Отправить комментарий

Whatsapp Button works on Mobile Device only

Керектүү маалыматтарды ушул жерден издеңиз