Аалы Туткучев 1983-жылы 9-декабрда Талас облусуна караштуу Манас районунун Арал айылында төрөлгөн.
Туткучев "Айтыш" коомдук фондусунан залкар акындар Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, азыркы муундун көрүнүктүү өкүлдөрү Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыров, Элмирбек Иманалиев, Азамат Болгонбаев жана башка акындар менен улуу өнөрдү улап, маданиятка салымын кошуп келе жатат.