Бир жакын достун тойунда олтуруп калдык. Араксыз болгондуктан өтө тынч жана жагымду той болуп жатты. Анан эле Эрке бала жар салып, козу грильди шаан-шөкөт менен алып кирди эле барыбыз кол чаап, кубана тосуп алдык. Ушул козу тирүүсүндө ушундай урмат-сый көрбөсө керек эле? Ошондон улам ой келди: Кадыр баркка жетүү үчүн сөзсүз эле өлүү керекби? Биз Кыргыздар тирүүбүздө жакшыны «Жакшы»- деп айтуудан да сөздү кызганып, качан ал дүйнөдөн кайтканда гана "Жакшы адам эле"- деп бармак тиштейт экенбиз да. Коомдо булганыч нерсенин көбөйгөнүн барыбыз эле билебиз. Бирок, ошол жамандын арасынан жакшыны таап, жакшы көз менен көрүп, жакшы сөз менен сүйлөй билүү жакшы адамдардын гана колунан келет.
Өлүмгө каршы чыгыш жок,Келгиле, бири-бирибизге көзүбүз тирүүсүндө жакшы сөз айтышалы!?
Өлгөндөн кийин туруш жок.
Өткөн ишти кечир деп,
Өкүнгөн менен угуш жок…
Ар бир Кыргыз менен сыймыктанам, мактанам!
Мен силерди жакшы көрөм, сүйөм жана өмүр бою ырым менен даңазалап жашайм!
Менин кемчилигимди жана кетирген каталарымды кечиргиле АЛТЫНДАРЫМ?
Отправить комментарий