Сапарга чыксам канатташ,
Сахнага чыксам жамакташ.
Турмушта бирге сабакташ,
Досторкондо табакташ.
Атка минсем тизгиндеш,
Аттан түшсөм тизелеш.
Канатташ эл да сыйлаган,
Катарда жүргөн биз эмес.
Азамат досум жөн гана,
Айтылбай калчу киши эмес.
Өмүрүң элге дем берет,
Өзүңө бата эл берет.
Сахнада жалгызсыратпай,
Мен үчүн сенсиң эң керек.
Сөккөндү билген балдар көп,
Төккөндү билген сен керек.
Жер бетинде жашаган,
Жети милиярд адам бар.
Арасында алардын,
Жакшысы бар жаман бар.
Уруш, согуш токтомок,
Жер бейишке окшомок,
Сага окшош болсо адамдар.
Отправить комментарий