Жаз жайнап дарак бүрдөгөн,
Жаңшанып куштар үндөгөн.
Өзгөчө кооз керемет,
Өзөндүн ичи гүлдөгөн.
Булактын суусун жээктеп,
Бак дарак өскөн миңдеген.
Ичинде жалгыз ак кайың,
Ийменип эч ким тийбеген.
Көркөмүн ошол кайыңдын,
Жеткире албайм тил менен.
Адамдын баары жактырат,
Адам жок аны сүйбөгөн.
Миң кишиден бир киши,
Мээсине акыл кирбеген.
Балталап кирди кайыңды,
Башы жок айбан билбеген.
Балтанын орой үнүнөн,
Булбулдун токтоп мукамы,
Чылпылдайт кайың көз жашы,
Чыгарып муңдуу ызааны.
Жабыла бүтүн айлана,
Жалдырап тиктейт бүт аны.
Кулады жерге ак кайың,
Кулачтап жерди кучагы.
Ал менен кошо өзөндөн,
Ажайып кооздук узады.
Балтанын сабы дал ушул,
Кайыңдын болчу бутагы.
Абалын ойлоп элимдин,
Ак кайың түштү эсиме.
Кайдыгерлик кыргыздын,
Кара көө болду бетине.
Баба арбагын сыйлабас,
Балтабайлардын эсине.
Түндүк менен түштүк деп,
Түгөл бөлүп экиге.
Облустарды ырбатып,
Оюнча бөлгөн жетиге.
Керемети түгөнүп,
Кенибиз кетти сатылып.
Жердеп келген бабалар.
Жерибиз кетти сатылып.
Эл ишенип шайлаган,
Эрибиз кетти сатылып.
Бергендин кылып кызматын,
Бегибиз кетти сатылып.
Оокат издеп кайран эл,
Оруска кетти баш уруп.
Кул болуп калдык канчабыз.
Кууса да болбой таш уруп.
Өз мекенде өзүбүз,
Өзгөлөргө басынып.
Ыйман намыс болбосо,
Ал, адам эмес макулук.
Кытайга берген туруштук,
Кыргыз эл элек аты улук.
Ачтырып чала бир көзүн,
Айкөлдүн казып күмбөзүн.
Алатоо кутун качырып,
Жырткычка кеттик айланып,
Жыра тартып ашынып.
Камчыга сап болчулар,
Кай жакта жүрөт жашынып?
Жалындуу жигит чыкса эле,
Жайлаганга ашыгып,
Кыргызга кыргыз бут тосуп,
Кырчаңгы болдук кашынып.
Кыргыздар турса каны бир,
Орусту сүйүп баары бир,
Башчылыкка чакырып.
Акыйкаттык жогунан,
Акмактардын огунан,
Аксылык жаштар атылып.
Адилет, чындык жок үчүн,
Ал ишти койдук жашырып.
Жалаң акча дей берип,
Жан дүйнөбүз ачынып.
«Башынан балык сасыйт» дейт,
Башчылар баштап сасыдык.
Минээрге ат жок бирөөлөр,
Ит менен жүрөт самсаалап.
Жегендер тоноп өлкөнү,
Жип менен жүрөт чалкалап.
Жетимдер жүрөт ач курсак,
Подвалга башын калкалап.
Көпөстөр жүрөт кап курсак,
Көчөгө куруп салтанат.
Илинип алган мандатка,
Ишенчин элдин аркалап.
Тополоң ушул саясат,
Тозокту көздөй алпарат.
Кошоматка сөз да жок,
Кош бутту жалайт чампалап.
Балтага сап болчулар,
Бактысын элдин талкалап.
Кайыңдай кооз өлкөмдүн,
Тамырын жатат балталап.
Өз тамырын балталоо,
Өзгөчө бизде күч алды.
Өсө албай ошол себептен,
Өлкөмдүн буту тушалды.
Элиме айтпай кимге айтам,
Эңшерген күйүт ызамды?
Кейиштүү бул иш тууралуу,
Келтирип көрсөм мисалды.
Төрөлгөндө жашоого,
Төбөмдөн жарык күн көргөм.
Эң алгач тилим чыкканда,
Энемдин тилин үйрөнгөм.
Өз тилин жарды дегенге,
Өрттөнөт ичим күйгөндөн.
Бир жарым миллиард кытайдан,
Бир манасчы чыга элек…
Төбөлдөр чыккан орустун,
Төкмөсүн эч ким уга элек.
Беш жүз миң ыр сап дастанды,
Безилдеп күн- түн айтканды,
Кыргыздан башка эл туба элек.
Айтуучу акын, манасчы,
Азыр да оозун жыя элек.
Жаш- кары бирдей бул тилди,
Жарды деп четке какпаса.
Өзүнүн эне тилине,
Өздөрү балта чаппаса.
Кайдыгерлик, жалкоолук,
Кашаңдыкта баспаса,
Эл бузаар эки жүздүүгө,
Эшигин эч ким ачпаса.
Мансапкорлор намысын,
Мансап үчүн сатпаса.
Саясаттын сасыган,
Сазына кыргыз батпаса.
Батырган далай чет элди,
Бабалар сүйгөн мекенди,
Урпакка таза сактаса.
Түнкү клубдарда мушташпай,
Сайынып, клей жытташпай,
Абийирин жаштар чачпаса.
Ушунун баары себепкер,
Улуу журт баспай аксаса.
Коррупциялуу өлкөдөн,
Катуураак жылат ташбака.
Медресе менен мектепти,
Үйлөндүрүп таштаса.
Билимдүү жана ыймандуу,
Бөбөктөр чыкмак таптаза,
Чыныгы жаштар ушу деп,
Чын дилден берсек Ак бата,
Улуттун жоголуусунан,
Ушулар сактайт сактаса.
Отправить комментарий