Ал кезде Таластык болчумун. Жок, андай ойлобоңуз...
Сөгүнүп сүйлөчү элем дегеним го. 10-класс.
Кыргыз тил адабияты сабагынан агайыбыз үй тапшырмасын сурап жатат:
-Күмүшбеков тур! Тапшырмаң даярбы?
-Ой энең агай унутуп калыптырмын.
-Эмне сөгүнүп жатасың?
-Ой энең агай качан сөгүндүм?
-Эй сөгүнбө депатам!
Ой энең агай сөгүнгөн жокмун го?
- Агай шадылуу муштуму менен кабырга тушка бир койду.
-Ой энең агай эмне урасыз?
-Сөгүнбө депатам.
Ой энең агай качан сөгүндүм сизге?
- Агай башка баланы карап:
-Керимбеков тур! Бул сөгүндүбү же жокбу сен айтчы?
-Нурбек сөгүнүп жатасың-десе,
-Ой энең Мика качан сөгүндүм?
-Мына дагы сөгүндүң.
-Ой энең өлүп кетейин сөгүнгөн жокмун- деп барыбызды күлдүрдү.
Ал чынында сөгүнгөн эмес, «Ой энең» -деген сөздү улуу урматтуу дегендей эле түшүнөбүз.
Ошол классташым көрүнбөй калды. Коомдук жайда сөгүндү деп камап салган жок болду бекен?.. 😊
Отправить комментарий