Эй Аллахым,
Жаным сендик.
Каным сендик.
Амалым да,
Ар бир баскан кадамым да
Барым сендик.
Кумурска, чиркейдин да ырыскысын,
Кемитпей берип турган,
Мээримиң кандай улуу, кандай кеңдик.
Буйругуң аткарбаган,
Саждага баш салбаган,
Кудай сөзү “Куран” менен ойноп жаткан,
Диниңди терорист деп кордоп жаткан,
Каапырга да бул жалганда бердиң теңдик.
Бактыбыз “Бейиш” менен максаттануу,
Кандай азап ыймандан аксап калуу.
Сен биздин дубабызга муктаж эмес,
Болгону өзүбүздү,
Тозоктон сактап калуу.
Айбан эмес акыл берип адам кылдың.
Кутулсун деп кулчулук парзыбыздан,
Бешикте жанымды албай аман кылдың.
Айкелге сыйындырбай,
Тар жолдон жыгылдырбай,
Өзүңө таяндырдың.
Кечирип баарыбызды,
Саждада ал жаныбызды,
Тозоктон денебизди арам кылгын.
Күрөө тамырымдан дагы,
Жакындыгың билээрмин.
Берешенсиң, ошол үчүн,
Куткарууга пайгамбарды (САВ) жибердиң.
Өзүмө-өзүм ишене албайм
Пайгамбарга ишенем,
Өзүмдөн да аны артык сүйөрмүн.
Кыяматта шафаатынан буюруп,
Пайгамбарды көрүү үчүн,
Болоор бекен Фирдауска кирээр күн.
Айткан үчүн Аллахымдын Элчиси:
Айланама жарык чачып,
Шам сыяктуу келет менин түгөнгүм.
Пайгамбарым улуулуктун өрнөгү,
Өмүрүмдө көрбөсөм да,
Уктаарымда дуба кылам көргөнү.
Акылым жок, күнөөкөрмүн, акмакмын,
Ошон үчүн ал түшүмө келбеди.
Көч артында Аллахыма баратам,
Көп күнөөмдү көтөралбай жердеги.
Кечир Аллах, кечиргенди сүйөсүң,
Күнөөмдөн да кечирим чоң сендеги.
Кыяматта талаасынан Махшардын,
Көлөкөсүз, булуту жок асмандын.
Аркан бою күн төбөдө куйкалап,
Амал сообум аздыгы үчүн какшаармын.
Оо сүйүктүү Пайгамбарым!
Жетимдерди тойгуздуң да,
Өзүң тойбой ач калдың.
А мен болсо карыным ток,
Көкүрөгүм ач калдым.
Аллах берген негматтардын,
Баркын билбей дурустап.
Тагдырга биз нааразыбыз,
Так төбөдөн куюлса да ырыс-бак.
Көргүлөчү майыптардын үйүндө,
Көзү сокур, буту майып, колу жок,
Көкүрөктө ыйманы күч, тырышчаак.
Антсе дагы тагдырына ыраазы:
“Акыретте көрөт көзүм,
Иншаллах” дейт бир Аллахты улуктап!
А биз болсо бүт мүчөбүз соо туруп,
Ибаадатты унутсак,
Ачууланбас Аллах кандай улук зат.
Намысымдан мушташармын,
Ак жүзүмө черткен болсо мени ким.
Ал жүзүмдү таза тутам,
Көрүү үчүн акыреттин бейишин.
Бирок аны жерге коём саждада,
Бул ааламдын кожоюну сен үчүн.
Атам өпкөн, апам өпкөн,
Бул жүзүмдүн тазалыгын анык кыл.
Батыш менен чыгыш сымал,
Мунаафыкты жүзүбүздөн алыс кыл.
Пайгамбардын кучагына умтулуп,
Даараты бар жүзүбүздөн нур чыгып,
Акыретте жүзүбүздү жарык кыл.
Оо Аллахым! Сен берген көз,
Пайдасы жок ыплас ишке урунуп.
Ибаадатсыз уктап жатат,
Каректери жумулуп.
Уктап жатып күн бүткөндө жан чыгат.
Бизди уйкудан ойготкун деп,
Жаратканга жалбарабыз канча убак.
Аллах жана Элчиси үчүн аккан жаш,
Тозок отун көлгө айлантсын тамчылап.
Оо Аллахым! Жалгыз сенден өтүнүч.
Өмүр соңу бербе бизге өкүнүч.
Акыретте жамалыңды көрсө экен,
Жашка толгон биздин алсыз көзүбүз.
Эй Аллахым!
Ооз бердиң, сүйлөө үчүн тил менен.
Ушак айтып жамандайбыз ар кимди,
Биз пенделер ооз кадырын билбеген.
Отуз күндүк орозодо,
Ооз бекилип күнөөлөрдөн арылып,
Аруулайбыз жандүйнөнү кирдеген.
Ыймансыздын оозу акылын башкарса,
Ыймандуунун акылына,
Оозу өзү баш ийет.
Оозун тыйган пенделерден кыла көр,
Келгенчекти акырет.
Кыяматта Аллах биздин оозго,
Кавсар суусун насип эт.
Мурун бердиң жамалымдын тушунан.
Жаман жытты сезсем качып кутулам.
Оо Аллахым!
Кыяматта жыттат биздин мурунга,
Бейиштеги гүлзарлардын жытынан.
Кулак бердиң Азан үнүн уксун деп,
А биз аны аткаралбай жүрөбүз.
Чала укканды ушак кылып,
Чачтан ашты күнөөбүз.
Куран укпай кулактарды кор кылып,
Ушак менен саясатка түрөбүз.
Оо Аллахым! Жүрөгүн ач,
Азан үнүн уккандын.
Жаңылышып жүргөн бизди,
Тозогуңдан куткаргын.
Кулактарга угуза көр,
Бейиштеги сайраганын куштардын.
Аллах берген колдор менен,
Даарат толук алабыз.
Жалгыз сенден жардам сурап,
Алаканды жаябыз.
Жетимдердин башын сылап,
Камдап жээрин, ичээрин.
Алган колдон берүүчү кол жогору,
Ал хадиске бекем болуп ишеним.
Акыретте сураарыбыз Аллахым,
Оң колго бер амал сооп китебин.
Бутту бердиң басып кадам керишке,
Кадамына сооп жазып периште.
Кадам шилтеп ажылыкты парз кылдың,
Эң сүйүктүү пайгамбардын,
Жаткан жерин көрүшкө.
Ажылыкты мындай койгун,
Биздин буттар шилтенбейт,
Багымдатка мечитке эле келишке.
Кең көчөдөн басалбаган,
Кыяматта кантебиз,
Кыл көпүрө кылдан дагы эң ичке.
Эч ким жардам бералбастыр,
Жакшы иштериң жардам берээр беришсе.
Оо Аллахым! Сыроотуңдан өткөрүп,
Оң бут менен аттата көр бейишке!
Пенделердин айыбын ойлоп,
Каректен жаш кылгырган.
Жараткандан дуба тилеп,
Жамгырдай жаш жайнамазын ным кылган.
Пайгамбарга үммөт кылып,
Бир Аллахка кул кылган.
Куткара көр Аллах бизди,
Напси менен шайтан салган чынжырдан.
Шейиттердин катарына кошо көр,
Азирейил алган кезде чылбырдан.
Кереги эмне байлык, бийлик, атактын,
Дал ушулар кыл арканы азаптын.
Бүт ааламдын берсе дагы байлыгын,
Өлүм чындык,өмүр кечтеп батат күн.
Андан көрө жүрөгүмдү,
Таза кылгын тунугундай акактын.
Туура жолдо даяр жашап өлүмгө,
Акыретте гүлзарлардын төрүндө,
Пайгамбарым Махаммедке,
Коңшу кылып жашаткын! (Амиин)
Отправить комментарий