Эстедим жаш чагымды,
Тил албай айтканыңды.
Азабым далай тартып,
Ак басты чачтарыңды.
Кеттим мен билим самап,
Күттүң го жолум карап,
Кең жайып тасмалыңды.
Күйүттү эч билбеген,
Күн каалайм кеч кирбеген.
Арка-бел атабыздын,
Жоктугун сездирбеген.
Ажалдан күч келсе да,
Ааламды бүт берсе да,
Алмашпайм эч ким менен.
Байтерек карааныңыз,
Бакыт, кут жамалыңыз.
Кудайдан өмүр тилеп,
Кыйшайсам таядыңыз.
Жараткан аян кылган,
Пайгамбар баян кылган,
Бейиш жай таманыңыз.
Корго деп эл-жериңди,
Тарбия бергениңди.
Апаке, кантип актайм,
Ак сүтүң эмгенимди?
Соолбосо асыл денем,
Жер сайып башым менен,
Кайтарам эмгегиңди.
Сөзү : А.Туткучевдики
Обону : А.Туткучевдики
Аалы байке азаматсыз! Эн дорожку денгээлдеги чыгарма) Журоктон чыккан кандай гана улуу создор!Бар болунуз!
ОтветитьУдалитьАалы байке рахмат
УдалитьЭн мыкты! Улантыныз дагы ага аябай соонун журок ойготкон ыр болуптур!
ОтветитьУдалитьЭнелер үчүн Аалы Туткуч акыныбызга таазим
ОтветитьУдалить